АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 10-майга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 4 миллиондон ашты.
Алардын 280 миңдейи жашоо менен кош айтышса, дээрлик 1 миллион 375 миңден көбү сакайды.
Оору эң көп жуккандар АКШда, ал жакта вирусту жугузгандар 1 миллион 300 миң адамдан ашты. Илдет кеңири жайылган он мамлекеттин катарында Испания, Италия, Британия, Орусия, Франция, Германия, Түркия, Бразилия жана Иран бар.
Борбор Азия чөлкөмү боюнча 10-майга карата маалымат:
- Казакстанда 5036 киши ооруп, 1766 киши сакайды, 31 адам көз жумду.
- Өзбекстанда 2387 адамда табылып, 1846 бейтап айыгып кетти, 10 киши жашоо менен кош айтышты.
- Тажикстанда 612 кишиден COVID-19 аныкталды, алардын 20сы каза тапты.
- Түркмөн бийлиги мамлекетте бул оору жоктугун айтып келет.
- Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган. Андан бери коронавирус 1002 адамдан табылды, алардын 12си кайтыш болду, 675 бейтап айыгып чыкты. Ооруканаларда 315 киши бул илдет менен күрөшүп жатат.