Боронов: уруксат кагаздары ыкчам берилиши керек

Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортунун ишин текшерүү учурунда. Март, 2020-жыл.

Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүш үчүн бардык уруксат берүүчү документтер токтоосуз жана ыкчам берилиши керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын 12-майдагы жыйынында билдирди.

Жыйында Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, өкмөттүн Нарын, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү карантин боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти.

Кубатбек Боронов элде экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча Мамлекеттик салык кызматынын маалымдамасына байланыштуу көп суроо түшүп жатканын айтты.

«Мекемелер маалымдама кагазын даярдашы керек. Ал райондук салык кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Бул документтер менен салык кызматына жетекчилер же жооптуу кызматкерлери кайрылышы керек. Салык органдарында экономиканын ар кыл тармактарында иш алып барган компаниялар боюнча маалымат базасы бар. Маалымдама кагазы кандайдыр бир карыздарга карабастан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Болгону карантин маалында иштөөгө уруксат берилген тизмеге ылайык келиши керек. Ал эми патенти барлар иштеген жеринен маалымдама кагазын алуунун, аны салык органдарынан күбөлөндүрүүнүн кажети жок. Болгону алардын ишмердүүлүгү уруксат берилген тизмеге дал келиши шарт», - деди Боронов.

Жыйында жакында жарандардын кайрылуулары электрондук форматта каралары белгилүү болду.

Карантинден кийин экономикалык ишмердүүлүктү баскыч-баскычы менен жандандыруу аракети жүрүп жатат. Буга байланыштуу уруксат кагаздарын алыш үчүн салык кызматтарында ишкерлердин узун кезеги пайда болууда. (NT)