ДССУ Тажикстандагы COVID-19 жагдайынан улам камтама болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери Тажикстанда коронавируска байланыштуу абал тынчсыздануу жаратып жатканын билдиришти.

Май айынын башында Тажикстанга келген бул эксперттер өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйүп жатканын, токтоосуз түрдө «керектүү чара көрүү» зарыл экенин 12-майда Дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында айтышты.

Расмий статистика боюнча Тажикстанда 12-майга карата коронавирус жуккандар 729 кишиге жетти. Кеминде 23 киши COVID-19 илдетинен көз жумду.

Бирок бир нече күн мурда Интернетте Тажикстанда коронавирустан көз жумду деген адамдардын кошумча, расмий эмес тизмеси пайда болду. Анда илдеттен каза болгон кишилердин саны 140тан ашканы көрсөтүлгөн.