Алайда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 14-майда саат 03:09да Ош облусунун Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында беш балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында төрт балл, Кара-Киндик айылында үч баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.

Нура айылында 2008-жылы октябрда күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (RK)