Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылды

Бухаранын көчөсүндөгү дезинфекция. Өзбекстан. 7-май, 2020-жыл.

Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылды. Бирок 15-майдан тарта айрым ишканаларга ишин жандандырууга уруксат берилгени кабарланды. Өкмөттүн атайын комиссиясынын маалыматына караганда, Өзбекстанда 2652 адам коронавирус жуктуруп алган, 11 киши илдеттен кайтыш болду.

Коңшулаш Казакстанда коомдук транспорттун жүрүү убактысы эки саатка узартылды. Нур-Султан шаарында автобустар саат 6:00-22:00 чейин жүрөт. Казакстанда өзгөчө абал 11-майдан тартып алынган, бирок эпидемиологиялык кырдаалга жараша карантин улана берет.

Казакстанда 5850 адам COVID-19 жуктуруп алган, 34 киши илдеттен көз жумган.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги оору жуктургандардын жалпы саны 1 миң 118 кишиге жеткенин, 33 киши илдеттен көз жумганын, 477 бейтап сакайганын билдирди.

Кыргызстанда 16-майга карата коронавирус жуктургандардын саны 1117 адамга жетти, 14 киши оорудан каза тапты.

Борбор Азия аймагында Түркмөнстан коронавирус илдети расмий аныкталбаган жалгыз өлкө бойдон калууда. Байкоочулар Ашхабаддын маалыматтарына ишенбестигин билдиришүүдө.