Ооганстанда талибдердин чабуулунан кеминде 11 адам мерт болду

Ооганстандын Пактия провинциясында кол салуу болгонун 16-майда провинциянын кеңешчиси Мохаммад Рахман Кадери билдирди.

Пактия полициясынын башчысы Султан Давуд Султан түнкү кагылышууда 9 талиб согушкери өлтүрүлгөнүн айтты.

Маалыматтарга караганда талибдер 12 адамды туткунга алышкан.

14-майда согушкерлер Пактия провинциясында бомба жүктөлгөн жүк ташуучу машинаны жардырышкан.

Ушул жылдын февраль айында АКШ менен тынчтык келишимине кол коюлганына карабай талибдер акыркы аптада бир нече чабуулдарды уюштурушту.