Комитет башкы прокурордун отчётун жактырды

Өткүрбек Жамшитов.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитет бүгүн, 18-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыр аткарылган иштер тууралуу отчётун жактырды. Эми башкы прокурор жалпы жыйында отчёт берүүгө тийиш.

Жамшитов 2019-жылда аткарылган жумуштар, ачылган кылмыш иштери тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, өткөн жылы 163 549 арыз катталган, анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат.

2018-жылы 29 718 кылмыш иши катталган. (NT)