Быйыл бүтүрүү кечелери «Zoom» менен өтөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Коронавирус окуучулардын жашоосун да өзгөрттү. Өзгөчө мектепти аяктап жаткандар үчүн бул жыл эстен кеткис болгону турат. Быйыл алардын бүтүрүү кечеси болмок, кесип тандап, келечегин аныкташмак. Ал эми азыр смартфондон сабак окуп, көңүлү суз отурушат. «Азаттык+» бул жолу жалаң мектеп окуучуларын чогултуп, алар менен «Zoom» аркылуу онлайн сүйлөштү.