Бишкек: Өткөрмө кагаздарынын берилиши текшерилип жатат

Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек. 2020-жылдын 25-мартында тартылган сүрөт.

Өзгөчө абал учурунда Бишкекте өткөрмө кагаздарын жазып берүү маселесине байланыштуу териштирүү жүрүп жатат. Бул маалыматты «Азаттыкка» мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова тастыктады. Анын айтымында, мэрияга «текшерүү жүрүп жатат» деген кат келди.

Алмамбетова соңку күндөрү анын атына байланыштуу тарап жаткан маалымат боюнча пикирин билдирип, өзгөчө абал шартында иштөө бир топ кыйынчылыктар менен коштолгонун, ошол учурда биринчи кезекте авариялык кызматтардын ишин тоскоолдуксуз уюштуруу маанилүү болгонун айтууда:

«Комендатура ичинде мыйзам бузуу болгонун көргөн жокмун. Медицина кызматкерлеринин үйүнө жетишине, «Тез жардам» машинелерине кагаздарды тезинен таап берүүгө салым коштум. Абалды түшүнгөн ар бир адам муну кылмак деп ишенем. Мурда мындай баштан өткөн эмес, комендатура согуш учурундагыдай эле шартта иштеп жатты. Санитардык эрежелер жаңыдан гана кирип, көп кишилер түшүнбөй жаткан учурда авария болгон жерде коммуналдык кызматтардын ишин чукул уюштуруу маанилүү болду».

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Бишкекте 10-майга чейин өзгөчө абал жарыяланып, комендатура түзүлгөн, түнкүсүн коменданттык саат болуп жатты. Ишкана-мекемелер жабылып, адамдардын жана автоунаанын жүрүшүнө чектөө киргизилген. Өткөрмө кагаздарын комендатура берип жаткан.

25-майда айрым интернет басылмалар милиция Алмамбетовадан отчёт сурап жатканын жазып чыгышкан. Ошол эле күнү социалдык түйүндөрдө өзгөчө абал киргизилген алгачкы күндөрү медицина кызматкерлеринин ишине барып-келишине жардам берген ыктыярчылардын Алмамбетованы коргогон кайрылуусу жарыяланды.

Бишкек милициясы бул тууралуу маалыматы жок экенин айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылыш керек экенин билдирди. ИИМ азырынча комментарий бере элек. (RK)