Үсөнбаев: Бишкек шаарында жана Нарын облусунда кырдаал курч

Карантин алынгандан кийинки аялдама. Бишкек шаары. 27-май, 2020-жыл.

Бишкек шаары менен Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-майда брифингде билдирди. Анын айтымында, коронавирус очогу аталган аймактардагы медициналык мекемелерде да катталды.

«Бишкекте бир нече медициналык мекемелерде: онкологиялык жана жугуштуу оорулар ооруканасында, бир катар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда оору чыгып кетип, вирус жуккандар көбүрөөк болду. Нарында да облустук ооруканада оору көп катталды, облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине да вирус тарап, абал бир аз курчуп кеткен», - деди ал.

Кыргызстанда Ош шаарында да вирус көп катталган. 28-май күнү шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Анын ичинен бешөө жаңы туулган ымыркайлар, 14ү энелер, калганы медицина кызматкерлери.

29-майга карата дагы төрт медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталган. Үчөө Бишкек шаарында, бир кызматкер Ош шаарынан катталган.

Саламаттык сактоо министрлиги элди санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоого чакырып, ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн жоопкерчилик тарта турганын эскертүүдө.

29-майга карата Кыргызстанда коронавирус 68 адамдан жаңы аныкталды. Жалпысынан өлкөдө вируска чалдыккандардын саны 1662 адамга жетти. 1088 бейтап айыгып чыкты. 16 адам оору вирус жуккандан кийин көз жумду. (ZKo)