30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт.
Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 20…25;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 6…12, күндүз 22…27 градус ысык болот.
30-майда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 13…15°, күндүз 29…31° болот.