Саламаттык сактоо министрлигинин беш кызматкеринен коронавирус аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин беш кызматкери COVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Учурда алардын абалы туруктуу, ооруканада жатышат. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Министрликтин имаратында эпидемияга каршы тийиштүү иш-чаралар  жүргүзүлдү. Отуздан ашык кызматкер обсервация шартында иштеп жатат.

7-июнга карата алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, эки медкызматкер айыгып чыкты.

Республика боюнча COVID-19 395 медициналык кызматкерден аныкталып, алардын ичинен 275и сакайып чыкты. Эки дарыгер кайтыш болду. (TSh)