COVID-19: Бир суткада бир бейтап каза болду, 23 адамдан вирус жаңы аныкталды (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 23 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 9-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын арасынан алтоо Бишкекте. Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда төрттөн, Ош жана Жалал-Абад облустарында үчтөн адам, Чүй облусунда эки, Нарын облусунда бир адам аныкталды.

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан бир бейтап каза болду - 47 жаштагы аял Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан.

Кыргызстан боюнча соңку бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)