Бишкектеги “Орто-Сай” базары карантинге жабылат. Бул тууралуу 9-июнда Бишкек шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим коронавируска чалдыккан бир нече адам ошол базарда болгонун айтып бергенине байланыштуу кабыл алынды:
"Орто-Сай” базары дезинфекциялоого жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жабылууда. Себеби бизге кайрылган бир нече адам ооруп калган себебин көрсөткөндө бул базарда болгонун айтып беришкен”.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, дезинфекция иштери эки күн жүргүзүлөт, базардын администрациясы сунуш кылса, кызматкерлеринен жана жумушчуларынан коронавируска анализ алынат.
Коронавируска байланыштуу март айынын аягында базардын кийим-кече саткан бөлүгү жабылып, эки айдан кийин ачылды. Азык-түлүк саткан жагы жабылган эмес.
Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти. Ооруга чалдыккандардын 655и Бишкекте катталды. (RK)