Мирлан Бакиров кыргыз-казак чек арасы боюнча өкмөттүн ишин сынга алды

Мирлан Бакиров.

Парламенттин 11-июндагы жалпы жыйынында вице-спикер, депутат Мирлан Бакиров кыргыз-казак чек арасында азыркыдай акыбалды кайталабоого, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө өкмөттү чакырды.

“Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан өткөрмө бекеттериндеги абал калыбына келе баштаганы тууралуу жакшы кабар алдык. Бул биринчи жолку эмес, буга чейин да болуп келген. Мен эки ай мурун эле жакында жер-жемиш бышып, аны экспорттоо башталары тууралуу айткам. Коңшу мамлекеттер менен “жашыл коридор” ачуу механизмин сүйлөшүп, бат бузулуучу жер-жемиштердин тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо багытында иштер жасалышы керек болчу. Бирок жумуш аткарылган жок. Тескерисинче казак тарап жүк ташыган автоунаалардын керектүү документтери жасалма болгону боюнча 13 миңден ашуун факт бар экенин жүйө келтирип, бизге доомат коюуда. 10 миң 300дөн ашык товар башка адамдарга жана компанияларга катталгандыгы тууралуу да айтылды".

Мирлан Бакиров вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Казакстан тарапты Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарын бузду деп айыптаганын, бирок кандай эрежелер бузулганын так айтпаганын кошумчалады. Өкмөткө бул маселеде таасын, далилдүү иш алып барууну сунуштады.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жүк ташуучу автоунааларга байланыштуу түзүлгөн кырдаал эки өлкө өкмөттөрүнүн бири-бирин кескин сындап, кайым айтышуусуна чейин жетти.

Кыргызстан казак тарап ЕАЭБдин жоболорун бузуп жатат деп айыптап, бул маселени интеграциялык уюмдун коллегиясына чыгарган. Казакстан Кыргызстанды жүк ташууда аткезчиликке айыптап, жалган транзит, жасалма документтер менен казак экономикасына залалын тийгизип жатат деп күнөөлөдү.

10-июнда эки мамлекеттин премьер-министрлери телефондон сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттерди ачууну макулдашканы расмий кабарланган. (NT)