Коронавирус дагы 37 адамдан табылды, көбү Бишкекте жана Чүйдө (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 19 адам. Чүй облусунда 13, Баткен жана Ош облустарында экиден, Ош шаарында бир адам.

Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 38 бейтап айыгып, 12-июнда үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти. (RK)