Кыргызстанда соңку бир суткада 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде билдиргендей, алар төмөнкү аймактарда иштешет:
- Бишкек шаарында – 6
- Чүй облусунда – 3
- Ош шаарында – 2
- Ош облусунда – 4
- Баткен облусунда – 2
- Ысык-Көл облусунда – 6
- Нарын облусунда – 2
- Талас облусунда – 1
Жалпысынан COVID-19 диагнозу 582 медицина кызматкерине коюлган. Алардын экөө каза болуп, 387си айыккан.
Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды. (SE)