Жалал-Абад шаардык мэриясы карантинге алынды

Жалал-Абад мэриясынын имараты.

Жалал-Абад мэриясы 22-июндан тартып карантинге алынды.  Кызматкерлер онлайн иштей баштаганын мэриянын басма сөз борбору билдирди.

17-июнда калаа башчысы Мураталы Тагаевден COVID-19 аныкталып, аппараттагы 50дөй кызматкер анализ тапшырган. Алардын арасынан үч кишиден коронавирус чыккан.

Шаар мэриясына жанаша жайгашкан борбордук базар аптасына бир жолу жабылып, дезинфекцияланууда. (RsK\SE)