Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы дезинфекция иштерин жүргүзүүдө. Июнь, Бишкек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мекеменин басма сөз кызматы 22-июнда билдиргендей, алар өлкөнүн түрдүү аймагында иштеген адистер. Баары медициналык көзөмөлдө.

COVID-19 диагнозу коюлган кызматкерлер менен байланышта болгон кесиптештеринен, туугандарынан да анализ алынды.

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктургандар 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды.

Оору жуктуруп алгандар июндун экинчи жарымында көбөйүп, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында да көп каттала баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери күнүгө эл чогулган жайларда вируска каршы дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшөт. (SE)