"Эркечтам автожол" өткөрүү пункту убактылуу жабылат

«Эркечтам» өткөрмө бекетиндеги инспекциялык көзөмөл пункту.

Кытайдагы күрүч майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам автожол" өткөрүү пункту 25-28-июнь күндөрү убактылуу жабылат. 29-июндан баштап автокаттамдар улантылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Кытай тараптын демилгеси менен улуттук майрамдарга байланыштуу кыргыз-кытай чек ара бекеттери маал-маалы менен кыска мөөнөткө убактылуу жабылып турат.

Быйыл Кыргыз өкмөтү Ухань шаарында күчөгөн коронавирус илдетине байланыштуу 23-январдан тарта кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам автожол" өткөрүү пунктун убактылуу жаап, 15-апрелде кайра ачкып  Кытайдан жүк ташууга гана уруксат берген.