ЭВФ берген акчанын биринчи траншы маянага жана жөлөкпулга сарпталды

Пандемияга каршы күрөш үчүн Кыргызстанга Эл аралык валюта фонду берген каражаттын биринчи траншы (120,8 миллион АКШ доллары) коротулду. Экинчи транш (121,1 миллион доллар) казынада турат.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына, жөлөк пулдарга сарпталды.

120,8 миллион доллар валюта курсунда 84 сом 87 тыйын менен конвертацияланып, 10 миллиард 256 миллион сом болгон жана төмөнкүчө коротулган:

  • 4 миллиард 115 миллион сом - маяна;
  • 499 миллион сом - социалдык керектөө взносу;
  • 2 миллиард 131 миллион сом - Соцфондго трансферт;
  • 1 миллиард 310 миллион сом - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферт;
  • 160 миллион сом - теңдештирүүчү трансферт (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маяна);
  • 1 миллиард 594 миллион сом - социалдык жардам жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул;
  • 106 миллион сом - медициналык товар жана кызматтар үчүн;
  • 240 миллион сом - стратегиялык запас үчүн (үрөн);
  • 100 миллион сом - азык-түлүккө.

Эл аралык валюта фонду каражатты насыя түрүндө берген.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева 23-июндагы брифингде акча ачык-айкын коротулуп жатканын белгилеп, каалагандарга отчет көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Пандемиядан улам дүйнөлүк экономикалык кризистин фонунда кыргыз өкмөтүн 2020-жылы 27,7 миллиард сом бюджет таңкыстыгы торуп турат. Жылдын алгачкы беш айында танкыстык 13,3 миллиард сомду түзгөн. (SE)