Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу аны менен байланышта болгон кызматкерлердин ПЧР-тесттери таза чыкканы менен дарыгерлер аларды үй карантинде калтырышканын маалымдады.
Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт. Кызматкерлер аралыктан иштеп, күн тартибинде каралган маселелер жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын kenesh.kg сайтына жайгаштырып турушат.
Ибарим Нуракун уулу 29-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүшү күтүлүп жатканын айтып, акыркы жыйынды түз эфирде көрсөтүүгө аракет кылышарын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Ибраим Нуракун уулу өзү да коронавируска кабылып, учурда дарыланууда. Ал Жогорку Кеңештин аппаратындагы коронавирус жуктурган үч кызматкердин бири. (TSh)