25-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 29…34;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;
Нарын облусунда жана бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.