Ош облусунда чагылгандан бир үй өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда бир үйдүн өрттөнүшүнө чагылган себеп болду. Бул тууралуу 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында болгон. Жалпы аянты 72 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгышына чагылгандын оту себеп болгону айтылды. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

Бир ай мурда Ысык-Көл облусунда 25 жаштагы жигит, былтыр Баткен облусунда 39 жаштагы жергиликтүү тургун чагылган уруп каза болгон. (RK)