Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавируска кайрадан тапшырган анализи таза чыкты, ал шейшемби күнү парламенттин жалпы жыйынына катышат. Бул тууралуу 29-июнда президенттин басма сөз кызматы кабарлады:
"Буга чейин президенттин Москвада жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан. Бул күндөрү Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында аралыктан иштөөнү улантып жатат. 30-июнда мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынына катышат".
Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
Жогорку Кеңештин колдоосуна жана президенттин жарлыгына ылайык Кубатбек Боронов баштаган жаңы өкмөт ишке 17-июнда киришкен. Буга чейинки өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда жазган. Аны радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электиги менен негиздеген. Президент Абылгазиевдин арызын жана өкмөттүн отставкасын 16-июнда кабыл алган.
Кыргызстандын 29 жылдык эгемендик тарыхында ушуну менен өкмөттүн 31-курамы ант бергени жатат. (RK)