Кыргызстанда доллардын расмий курсу жогорулады. Улуттук банк 1-июлга карата аны 75 сом 98 тыйын, ал эми 2-июлга карата 78 сом 68 тыйын деп аныктады.
Бул бир күндө кымбаттоо 3,55%, башкача айтканда, 3 сом 30 тыйын дегенге барабар.
2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган. Ошентип, 1,5 ай ичинде 10 сомго төмөндөп, соңку апталарда 74-75 сомдун тегерегинде болуп жаткан.
Доллар кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн. (RK)