Бангладештеги 103 кыргызстандык жаран 2-июлда «Aviatraffic» аба компаниясынын чартердик каттамы менен Даккадан келди.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул учак менен Өзбекстандын жана Тажикстандын Бангладештеги жарандары да келишти. Келгендердин баары обсервацияга алынганы айтылды.
ТИМ пандемияга байланыштуу Кыргызстанга кайтууну каалаган чет мамлекеттердеги жарандарды алып келүү аракети улана турганын кошумчалады.
2-июлда Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келген.
Коронавирус пандемиясынан улам бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандыктар калып, бийликтен өлкөгө алып кетүүнү суранып жатышат.
Алардын көбү Орусияда. Кыргыз тарап Орусиядан адамдарды учак менен да, автобус менен да алып келүүдө. Ушул тапта чек арада күтүп тургандары бар. (NT)