Москвада жаңы Конституцияга каршы чыккандарды полиция кармап кетти

Шаардык полиция жалпысынан 130дан ашык киши кармалганын билдирди.

Орусиянын Москва шаарында 15-июлда кечке жуук Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы кол топтоо акциясы өттү. Иш-чара жөө жүрүш менен коштолуп, ага келгендердин айрымдарын полиция кармап кетти.

Шаардык полиция жалпысынан 130дан ашык киши кармалганын билдирди. Москва шаарынын мэриясы коронавирус пандемиясынан улам деген жүйө менен мындай акцияны өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендердин 77,92% Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогонун билдирген.

Президент Путиндин жарлыгына ылайык, жаңыртылган Конституция 4-июлдан тартып күчүнө кирген.

Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси Путиндин кызматтык мөөнөттөрүн жокко чыгарган жана ага кийинки шайлоого катышууга жол ачкан жобо болуп саналат.​

Путин ушул жылдын башында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган. Өлкөдөгү оппозиция лидерлери, айрым жарандык активисттер бул референдумду Путиндин бийликте көбүрөк калуу айла-амалы катары сынга алышкан.