ӨКМ: пневмониянын күчөшү дезинфекция каражатынан эмес

Ош шаары.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) көчөлөрдү, имараттарды дезинфекциялоонун адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө түшүндүрмө таратты.

ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологдордун көрсөтмөсү менен даярдалып, бардык талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөөрүн билдирди. Курамында хлор бар дезинфекция үчүн даярдалган каражаттардын сертификаттары бар.

Интернетте айрым социалдык тармактардын колдонуучулары дезинфекциялоодон кийин булганган аба пневмониянын күчөшүн шарттап жатканын жазып чыгышкан.

Ушул күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча калк жыш жүргөн жерлерди дезинфекциялап жатат. (TSh)