Кыргызстанда бир сутка ичинде 19 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Республикалык штабдын 2-августтагы маалыматына ылайык, коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин бирөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, алтоо Ош облусунда, бирөө Жалал-Абад аймагында, сегизи Ысык-Көл облусунда, экөө Баткенде катталды.
Бир күн аралыгында беш медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты. Үй карантининде отурган 41 кызматкер сакайды.
Ушуну менен республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медиктердин саны 2 809 кишиге жетти. Анын 1 812си айыкты.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, пандемияда коронавирустан 73 медицина кызматкери кайтыш болду. Ушул тапта миңден ашуун медициналык кызматкер дарыланууда. (TSh)