Аба ырайы: жамгыр жаайт

Кыргызстан. Ош шаары.

Кыргызстан. Ош шаары.

3-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Айрым райондордо сел жүрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;

Бишкек шаарында түнкүсүн 16...18, күндүз 31...33 градус болот.