Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 410 кишиден жаңы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 3-августтагы брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкекте – 94, Ош шаарында – 47, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 79, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көлдө – 66, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 34 кишиден коронавирус табылды.
Расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери өлкөдө вирус лабораториялык жактан аныкталган учур 37129 кишини түздү.