Ошто кафеден чыккан өрт өчүрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Исхак Раззаков көчөсүндө жайгашкан «Ак-Шумкар» кафесинде 4-августта чыккан өрт өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кафедеги өрт тууралуу маалымат саат 11:08де түшүп, 11:38де чектөөгө алынды.  Саат 12:28ге жакын өрт толук өчүрүлдү. 

Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган жок. Анын себеби жана келтирилген чыгымдар аныкталып жатат.