COVID-19: Бишкек 29-августта оорунун курмандыктарын эскерет

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коронавирустан каза болгондорду эскерүү акциясы өтөт. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 29-августта «Эскерүү шамы» акциясы уюштурулуп, саат 21:30да Чүй проспекти, Чыңгыз Айтматов, Байтик баатыр, Иса Ахунбаев жана Киев көчөлөрүнүн ортосундагы чырактар бир нече мүнөткө өчүрүлөт.

Шаар башкармалыгы борбор калаанын тургундарын да ошол учурда үйдөгү жарыкты өчүрө туруп, маркумдарды эскерүүгө чакырды.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Ошондон бери оору жуккандар 40 миңге чукулдады, алардын 1,5 миңдейи каза болду. Вируска чалдыккандардын 16 миңден ашууну Бишкекте. (RK)