Улуттук банк эски акчаны сатып ала баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 17-августтан баштап эскилиги жеткен акчаны алмаштырып, алтын куймаларын жана нумизматикалык баалуулуктарды кайрадан сата баштады.

Бул тууралуу өлкөнүн негизги банкынын басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук банк коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абалдан улам 8-июлда эски акчаны алмаштырууну жана алтын куймаларын сатууну убактылуу токтоткон. (BTo)