Минскиде демонстранттар камактагыларды бошотууну талап кылышты

Минскидеги түрмө алдына нааразылык акциясына чыккандар. 18-август, 2020-жыл.

18-августка караган түнү Беларустун баш калаасы Минскиде миңдеген демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акцияны улантышты.

Ошондой эле алар демонстрация маалында кармалгандарды бошотууну талап кылып шаардагы түрмөлөрдүн алдына барышты.

9-августтан бери токтобой жаткан толкундоолордо полиция миңдеген адамдарды кармап кеткен. Эки адам кагылышуудан кийин каза тапкан. Кийин бошотулгандардын көбү камакта ур-токмокко кабылганын айткан.

Лукашенко андан мурдараак эгер Конституцияга өзгөртүү киргизилсе, жаңы президенттик шайлоо өтүшү мүмкүн экенин билдирген.

18-августта күч түзүмдөрүнүн 300дөй өкүлүн «Ак ниет аткарган кызматы үчүн» медалы менен сыйлаганы маалым болду.

Евробиримдиктин лидерлери Беларустагы кырдаалды 19-августта өтө турган чукул жыйында талкуулай турганы кабарланган.