21-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13 градус болот.
Бишкек шаарында түштөн кийин өткүн өтөт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус болот.