Эрдоган Кара деңизде газ өндүрөрүн кабарлады

Кара деңиз.

Президент Режеп Тайып Эрдоган 21-августтагы элге кайрылуусунда билдиргендей, Кара деңиздин Эрегли аймагына жакын аймакта 320 миллиард метр куб газ резерви табылган. Бул резерв Түркиянын «Фатих» бургулоочу кемеси быйыл 30-июндан бери деңиздин түбүн изилдеген соң аныкталган.

Президент Эрдоган ошондой эле Кара деңизде табылган газ резервин түркиялыктар 2023-жылдан баштап колдонорун билдирди.

Газ табылган аймак Кара деңизде Болгария жана Румыния менен чектешет.

Түркия чет өлкөдөн 2019-жылы 45 миллиард долларга газ импорттогон. Ал Азербайжандан, Орусиядан, Ирандан, Катардан жана Алжирден эң көп өлчөмдө газ сатып алат. (ElB)