Парламенттик шайлоого катышууга 17 партия документтерди тапшырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңешке шайлоого катышууга аттанган партиялардын 17си Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди тапшырып үлгүрдү. Алардын бири – «Актив» партиясы шайлоо фондун төлөй элек. 

Бул тууралуу 24-августта БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди. 

Эрежеге ылайык, партиялар 24-августта кечки саат алтыга чейин тизмесин жана документтерди тапшырып, жарышка расмий уруксат алууга тийиш. 

Бардык талапты аткарган 16 партия төмөнкүлөр:

«Кыргызстан»,

«Биримдик»,

 «Бир Бол»,

«Республика»,

«Ата Мекен»,

«Мекеним Кыргызстан»,

«Мекен Ынтымагы»,

«Мекенчил»,

«Реформа»,

«Социал-демократтар»,

«Ыйман Нуру»,

«Бүтүн Кыргызстан»,

«Замандаш»,

«Чоң Казат»,

«Ордо»,

«Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

Партиялардын документтери жана каржы маселесине байланыштуу суроолор 4-сентябрга чейин талкууланат. 4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат. Шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Алгач парламентке ат салышууга 44 партия ниетин билдирген. 24-августта түштө БШК 23 партия шайлоого катышуудан баш тартканын кабарлаган.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттар партиялык система менен беш жылда бир шайланат. (SE\BTo)