Сууга жетпей кыйналган Кыргыз-Кыштак

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кадамжайдын Өзбекстан менен чектешкен Кыргыз-Кыштак айылында суу тартыштыгы быйыл күч алды. Айылдыктар суунун жоктугунан эгин айдабай, бактарына да 35-40 күндө араң суу жеткирип жатат. Айылга суу барган каналдын начардыгы, кошуна айыл аймагында күрүч талаалары көбөйүп кеткени бул айыл тургундарын түйшүккө салып, кирешени азайтып жатат.