Бишкекте «Таза шайлоо үчүн» деген акция өткөрүү пландалууда

Бишкек шаарында 1-сентябрь күнү «Таза шайлоо үчүн» деген аталышта тынчтык акциясын өткөрүү пландалууда. Аны «Баштан башта» кыймылы Жогорку соттун имаратынын алдында түштөн кийин өткөрөт.

Кыймылдын лидери Улан Үсөйүн «Азаттыкка» билдиргендей, алар 4-октябрдагы парламенттик шайлоону таза уюштурууну бийликтен талап кылышат.

29-августта «Таза шайлоо үчүн» коалициясы түзүлүп, ага жарандык активисттер, коомдук уюмдар жана бир катар саясий партиялар кирген. Алар саясий өнөктүктө жарандык көзөмөлдүн зарылдыгын белгилешүүдө. (SE)