Коронавирус дагы 78 кишиден табылды, аны жугузгандар 44 миңден ашты

Кыргызстан. Коронавируска карата дене табын текшерүү учуру. 21-август, 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети лабораториялык жол менен дагы 78 кишиден табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, Бишкекте - 23, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда - 12, Ысык-Көл облусунда – 11, Чүй облусунда – 10, Нарын облусунда – беш, Ош облусунда - үч, Ош шаарында бир жаңы учур катталды.

Расмий эсеп боюнча өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынын ортосунан бери илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44036 кишини түздү, 38 895 бейтап айыкты. (NT)