БШК бүгүн партияларды расмий каттап бүтүүгө тийиш

2015-жылкы парламенттик шайлоодогу бюллетень.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын бүгүн, 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.

Шаршемби күнү төрт партиянын саясий жарышка катышуусуна уруксат берилди.

Алар - «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары.

Шайлоого катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. Эреже бузган деген негизде документтери артка кайтарылган «Кыргызстан» сотто БШКны утуп алган.

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоо ар беш жылда болот. Бул ирет 4-шайлоо октябрга белгиленген. (SE)