Глобалдык инновациялык индексте Кыргызстан 94-орунду ээледи

Иллюстрациялык сүрөт.

Глобалдык инновациялык индексте (Global Innovation Index 2020) Кыргызстан 131 мамлекеттин ичинен 94-орунду ээледи. 

INSEAD эл аралык бизнес-мектебинин 2020-жылга карата жарыялаган рейтингинде мамлекеттердин инновациялык өнүгүшү 80 көрсөткүч менен бааланды. 

Рейтингде биринчи орунду Швейцария ээлеген. Анын артында Швеция, АКШ, Улуу Британия жана Нидерланддар турат.

Кытай 14, Орусия 47-орунда. 

Борбор Азиядан Тажикстан 109, Өзбекстан 93, Казакстан 77-катарда.

Акыркы орундар Африка чөлкөмүндөгү мамлекеттерге берилди. 

Инновация - бул конструкциялоого, өндүрүшкө же товар сатууга жаңы мамиле. (SE)