4-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда карга айланат. Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градус болот.
4-сентябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы: түнкүсүн 14…16°, күндүз 28…30° болот.