Башкы штаб: Ошто аскер бөлүктөн качып кеткен жоокер кайтып келди

Иллюстрациялык сүрөт.

Оштогу №36806 аскер бөлүгүн өзү билип таштап кетип калган жоокер 5-сентябрда кайра кайтып келди. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдирди.

Маалыматка караганда, аскер бөлүктүн ефрейтору 4-сентябрда качып кеткен. Азыр анын кадамынын чоо-жайы иликтенип жатат.

Жоокер менен Ош гарнизондук Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатканы кабарланды. (NT)