Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы Кең-Сай конушунда 6-сентябрь кечинде чыккан өрт кечки саат тогуз жарымда чектөөгө алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
ӨКМге айылда жайгашкан кездеме ишканасынын имаратынан өрт чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Учурда ӨКМден жети бөлүм, бир авто шаты, 10 куткаруучу, ыкчам штаб, кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу жана бир суу ташуучу унаа тартылган.
Мындан сырткары Суу чарба башкармалыгынан бир суу ташуучу унаасы өрт өчүрүүгө көмөктөшүүдө. Шаардык милициядан да ыкчам топ жөнөп кеткенин билдиришти. (DU)