«Настоящее время» каналынын Минскидеги кабарчылары билдиргендей, шаар борборунда полиция жүрүшкө чыккандарды кармап кетип жатат. Негизинен жалгыз, колдоруна ак-кызыл түстөгү желектерди көтөрүп бараткандар кармалып жатканы маалымдалды.
"Интерфакс" агенттиги 20 адам кармалганын жазды.
Уюштуруучулар 20-сентябрда "Акыйкаттык жүрүшүнүн" катышуучуларын Төбөлсүздүк аянтына чогулууга чакырышкан, андан ары алар Жогорку соттун имаратынын алдына жана президенттин резиденциясына барары күтүлүүдө.
Жогорку соттун имаратынын жана Эгемендик сарайынын алдына атайын техника алынып келип, күз түзүмдөрүнүн өкүлдөрү топтолушту.
Каршылык акциялары Гродно, Солигорск, Жодино, Витебск жана башка шаарларда өтүп жатат. Гроднодо да жүрүштүн катышуучуларын кармап кетип жатышканын ал жакта жүргөндөр социалдык тармактарга жазып, сүрөт-видео чыгарып жатышат.
#Belarus Happening right now in #Hrodna. Protesters came out to the street to join the nationwide Sunday%27s rally. Today, it%27s called the March of Justice and is being organised after mass brutal detentions of women yesterday in #Minsk and other cities across the country pic.twitter.com/d8rqqKsQtH
— Hanna Liubakova (@HannaLiubakova) September 20, 2020
19-cентябрда Минскиде өткөн аялдардын жүрүшүндө 300дөй адам кармалган.
Беларуста толкундоолор 9-августта башталып, ошондон бери токтой элек. Демонстранттар ошол күнү өткөн шайлоодо президент Александр Лукашенконун расмий жеңип чыгышына нааразылык билдирип келишет. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы адилеттүү шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышат.