2010-жылдагы мыйзамды Конституцияга каршы деп табуу тууралуу өтүнүч түштү

Баш мыйзам.

Ысык-Көл облусунун тургуну Марат Султаналиев 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамдын бир катар беренелерин Баш мыйзамга каршы келет деп табууну өтүнүп Жогорку соттун Конституциялык палатасына кайрылды.

Ал 2010-жылдагы конституциялык өзгөртүүлөр Баш мыйзамга каршы келет деген негиз менен 1993-жылдагы Конституцияга кайтууну сунуш кылганын «Азаттыкка» ырастады.

Султаналиев негизинен Конституциянын 2-20-беренелеринин 1-бөлүгүн, 31-берененин биринчи бөлүгүн, 34-43-беренелердин 2-бөлүгүн, Конституциянын 2-беренесинин 2-бөлүгүн мыйзамга туура келбейт деп табууну өтүнгөн. Мындан тышкары Конституциянын 68-беренесинин биринчи бөлүгүн жокко чыгарып, анын ордуна 1993-жылдагы Конституциянын 53-беренесинин биринчи бөлүгүн кайтарууну суранган.

Конституциялык палата Султаналиевдин өтүнүчү 8-октябрда келгенин «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда өтүнүчтү Конституциялык палатанын соттук коллегиясы 30 иш күнүндө карап чыгып, аны өндүрүшкө алуу же албоо тууралуу чечим чыгарат. Азырынча соттук коллегия өтүнүчтү карай элек.