Алимбеков: Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты

Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев өз арызы менен президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу Исаевдин партиялашы, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурбек Алимбеков «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, парламент төрагасы президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.

«Бирок Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет», - деди Алимбеков.

Ошондой эле Нурбек Алимбеков 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны чакырылганын жана анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековдун президенттиктен кетүү боюнча арызы караларын маалымдады.

Кыргызстанда 6-октябрдан бери саясий кризис уланып жатат. 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады. Анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу болорун премьер-министр Садыр Жапаров өзү жарыялады.

Дагы караңыз

Cалянова: Конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керекСариев: Конституциялык жол менен кетиш үчүн шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керекСадыр Жапаров: президенттин, премьер-министрдин укугу мага өттү (видео)Жээнбековдун күтүүсүз чечими